КР Билим берүү министрлиги пенсия курагындагы мугалимдерди эмне күтүп жатканын түшүндүрдүКыргызстандыктарга Казакстанга кирүү үчүн уруксат талап кылынат — жаңы эрежелерКыргызстанда ИИМдин жаңы имараттары ачылып, милициянын автопаркы жаңыландыБишкекте 18 жаштагы кыз 15 кабаттуу үйдүн терезесинен кулап түштүПольшанын премьери орусиялык боттор тууралуу билдирди, ал эми оппозиция өкмөттүн отставкасын талап кылуудаBinance хакердик чабуулдан кийин колдонуучулардын чыгымдарынын 90%ын жапканын билдирди
Кыргызстандык боксчулар Испанияда өткөн мелдеште 4 медаль утту
10.02.2025 | 09:00
Кыргызстандык боксчулар Испанияда өткөн Boxam эл аралык мелдешинде 4 медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Медалдардын бирөө алтын, бирөө күмүш жана экөө коло.
Алтын байгени 67 кг салмакта Ихтияр Нишанов утса, 57 кг салмакта Ислам Төрөбаев күмүшкө татыды.
Коло байгени Санжай Сейдакматов (54 кг) жана Нурадин Рустамбек уулу (75 кг) тагынды.
Кыргызстандык мушкерлер мелдешке башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулу жана улук машыктыруучу Акыйкат Абаевдин жетекчилиги алдында катышты.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт