«Акылман» лицейинин бүтүрүүчүлөрүнө чет өлкөдө окууга мамлекеттик грант берилетДепутаттар «Баатыр энелердин» балдарына билим берүү жеңилдиктерин берүүнү жактырыштыКурорттук Кыргызстан: Советтер союзунан калган мурастан заманбап wellness-экономикага«Үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулунун өлчөмү көбөйдүЖогорку Кеңеште жасалма интеллектти колдонгон коомдук кабыл алуу бөлүмү иштей баштадыОшто Увам каналы тазаланып, жээги тосулууда
Англия сезондук жумушчулар үчүн виза акысын көтөрдү
12.04.2025 | 12:24
Улуу Британиянын виза саясатында өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу КР Эмгек министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунан билдиришти.
Улуу Британиянын өкмөтү бекиткен жаңы виза төлөмдөрү 2025-жылдын 9-апрелинде күчүнө кирди.
Ошентип, убактылуу жумушчу категориясы үчүн виза төлөмү 298 фунт стерлингден 319 фунт стерлингге чейин көбөйдү. Көбөйүү визалардын башка түрлөрүнө, анын ичинде туристтик визаларга да киргизилди.
Борбор Улуу Британияга барууну пландаштырып жаткан кыргызстандыктарга жаңы шарттарды кылдаттык менен окуп чыгууну жана документтерди даярдоодо жана чыгашаларды пландаштырууда өзгөртүүлөрдү эске алууну сунуштайт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар