Бишкекте «Евразия» паркынын жаш коноктордун тилегин орундатуу боюнча социалдык акциясы аяктадыСууну жоготпоо үчүн ЧЧК бетондолотМоюнга сайган: Бишкекте сүйлөшкөн кызын өлтүрүүгө шектелип жигит кармалдыЗергерчилик бизнеси чөйрөсүндөгү ишкерлер салыктык жоопкерчиликтен бошотулушу мүмкүнАйпери Токторбаева: Өзүмө өзүм тирекмин. Өзүңдү өзүң тандашың керекБишкек шаарынын башкы планын бекитүү боюнча токтом долбоору коомдук талкууга коюлду
Афган согушунун ардагерлерине жана “чернобылчыларга” каралган акчалай компенсация көбөйтүлөт
15.04.2025 | 10:39
Афган согушунун ардагерлерине жана Чернобылдагы кыйроонун кесепетин жоюуга катышкан жарандарга каралган акчалай компенсациянын өлчөмү көбөйтүлөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, бул боюнча ченемдик укуктук актынын долбоору иштелип чыккан. Анда аталган жарандарга жеңилдиктердин ордуна ай сайынкы акчалай компенсациялардын өлчөмүн жогорулатуу каралган.
Учурда долбоор тиешелүү процедуралардан өтүп жатат. Ал кабыл алынса, төлөнүүчү компенсациялар жогорулатууну эске алуу менен 2025-жылдын 1-январынан тартып кайра эсептелип берилет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом