Тышкы иштер министрлиги 11-апрелде алдамчылыктын курмандыгы болгон 7 кыргызстандык жаранды Мьянмадан Кыргызстанга эвакуациялаганын билдирди.
Маалыматта айтылгандай, аталган жарандар эмгек миграциясына байланыштуу алдамчылыктын курмандыгы болушкан. Алар жогорку маяна төлөнүүчү жумушка орноштурабыз деген жалган убадаларга ишенип барып, Мьянмадагы аскердик лагерлерде мыйзамсыз кармалып турушкан.
ТИМ аталган жарандардын коопсуз түрдө өлкөгө кайтып келишин камсыздоодо көрсөткөн көмөгү үчүн Таиланд Королдугунун компетенттүү органдарына жана Таиланд Королдугундагы Казакстандын элчилигине жана Өзбекстандын Бангкок шаарындагы Башкы консулдугуна ыраазычылык билдирди.
Ошондой эле аталган министрлик Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүндө Кыргызстандын жарандары адам соодасы схемаларына тартылып жаткан учурлардын көбөйүшүнө байланыштуу жарандарды чет өлкөдө ишке орношуу боюнча сунуштарды кароодо мүмкүн болушунча сак жана этият болууга чакырды.