Быйыл акыркы коңгуроо 26-майда саат 9:00дө кагылат.
Билим берүү министрлиги акыркы коңгуроо салтанаттарын өткөрүүдө коопсуздук чараларын күчөтүп, иш-чараларды уюштуруу үчүн акча чогултууга тыюу салды.
Ошондой эле, тез күйүүчү жана травматикалык фейерверктерди, ден соолукка коркунуч туудурган техникалык жабдууларды, экологияга зыян келтирген гелий шарларын колдонууга тыюу салынды.
Аймактык билим берүү департаменттеринин кызматкерлери иш-чараларды көзөмөлдөп, нөөмөттө болушат.
Окуучулардын коопсуздугуна ата-энелер жооптуу экендиги тууралуу да маалымат берилет.