«Гавайинин» ээси Журат Абдуллаев өз үйүндө кайтыш болдуОш мэри: Өрттөнгөн көп кабаттуу үй мэриянын эсебинен оңдолотОш шаарында көп кабаттуу үйдөн ири өрт чыктыБишкекте айдоочулук күбөлүгү жок өспүрүм катышкан жол кырсыгы болуп, бир бала каза таптыСаясат жана кылмыш темаларын чагылдырган журналист Вадим Ночевкин каза таптыТаш жүктөп бараткан. Бишкекте жүк ташуучу унаа оодарылып кетти
Ошто чек арадан 197 баш таш бака алып өтүүгө аракет кылган адам кармалды
01.05.2025 | 10:06
30-апрелде Ош облусундагы “Достук” чек ара өткөрмө бекетинде өзбекстандык жаран 197 баш тирүү деңиз таш бакасы менен кармалды. Бул тууралуу Экология министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган жаран таш бакаларды Кыргызстандан Өзбекстанга мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган.
Бул факты боюнча “Укук бузулар жөнүндө” кодексинин 262-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык 20 миң сом өлчөмүндө айып пул салынган.
Ал эми алынган таш бакалар Ош шаарынын “Наваи” атындагы эс алуу багындагы жеке менчик зоопаркка убактылуу кармоо үчүн өткөрүлүп берилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар