Кайда экенин билебиз, бирок жетүү мүмкүн эмес: Тоолор Наталья Наговицинаны коё берген жокКыргызстанда калктын саны 7,3 миллион адамга жеттиБишкекте “Достуктун алтын көпүрөсү” эстелиги ачылдыБыйыл Кыргызстан Ооганстанга жүк ташуучу унаалардын экспортун көбөйттүКыргызстанда 3400дөн ашык айдоочуга ОСАГО жоктугу үчүн айып пул салындыБишкектеги жол оңдоо иштери качан бүтөт? Тургундардын сабырын сынаган тыгын
“Улуу күн”. Трамп Путиндин Украина боюнча сүйлөшүү сунушунан соң билдирүү жасады
12.05.2025 | 09:44
Россиянын президенти Владимир Путин 15-майда Стамбулда Украина менен алдын ала шарттарсыз түз сүйлөшүүлөрдү баштоону сунуштады. АКШ президенти Дональд Трамп бул демилгени колдоп, бул “Россия жана Украина үчүн улуу күн” болорун белгилеп, АКШ тынчтыкка жана соодага көмөктөшүүгө даяр экенин айтты.
“Россия жана Украина үчүн улуу күн. Бүтпөгөн кандуу согуш аягына чыкса жүз миңдеген өмүр соолубай аман калат.
Ал үчүн эки тарап менен тең иштешүүнү улантам. Өз кезегинде АКШ кайра калыбына келтирүүгө жана соодага басым жасагысы келет. Алдыда бизди олуттуу апта күтүп жатат”, — деп жазган Трамп.
Рубрики: Жаңылыктар