Бишкек мэрине кытайлык Geely электробустары көрсөтүлдү — алар шаардык каттамдарга чыгышы мүмкүнМинистрлер кабинети Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планын бекиттиЧүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — Орунбеков
“Кытай-Борбор Азия” кызматташтык борборлору ачылды
18.06.2025 | 09:32
Кечээ, 17-июнда Борбор Азия-Кытай экинчи саммитинин алкагында үч Кызматташтык борборунун ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чара алты мамлекеттин башчыларынын катышуусунда видеоконференция форматында өтүп, анда түзүлүп жаткан борборлордун максаттары жана милдеттери тууралуу атайын видеотасма көрсөтүлдү.
Кызматташтык борборлору Кытай Эл Республикасынын аймагында түзүлөт жана аймактын өлкөлөрүнүн ортосундагы практикалык өз ара аракеттенүүгө багытталган.
Алар үч негизги багыт боюнча иш алып барышат: жакырчылык менен күрөшүү, билим берүүнү өнүктүрүү жана чөлгө каршы күрөшүү. Бул багыттардын алкагында адистерди даярдоо, алдыңкы технологиялар менен алмашуу пландалууда.
Рубрики: Жаңылыктар