Фермерлерди кредиттөө онлайн форматка өткөрүлөтАКШнын элчиси Лесли Вигери төрт жылдык ишин жыйынтыктап, Кыргызстан менен коштоштуКыргызстандын банктарында жаңы депозиттердин көлөмү 937 млрд сомго жеттиБаалуу металлдар департаментинде коррупциянын алдын алуу боюнча семинар өттүПрокуратуранын кийлигишүүсүнөн кийин компаниянын салык карызы эсептен чыгарылдыКыргызстандагы мектептер үчүн жаңы окуу китептерине 8,5 млрд сом бөлүндү
“Кытай-Борбор Азия” кызматташтык борборлору ачылды
18.06.2025 | 09:32
Кечээ, 17-июнда Борбор Азия-Кытай экинчи саммитинин алкагында үч Кызматташтык борборунун ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чара алты мамлекеттин башчыларынын катышуусунда видеоконференция форматында өтүп, анда түзүлүп жаткан борборлордун максаттары жана милдеттери тууралуу атайын видеотасма көрсөтүлдү.
Кызматташтык борборлору Кытай Эл Республикасынын аймагында түзүлөт жана аймактын өлкөлөрүнүн ортосундагы практикалык өз ара аракеттенүүгө багытталган.
Алар үч негизги багыт боюнча иш алып барышат: жакырчылык менен күрөшүү, билим берүүнү өнүктүрүү жана чөлгө каршы күрөшүү. Бул багыттардын алкагында адистерди даярдоо, алдыңкы технологиялар менен алмашуу пландалууда.
Рубрики: Жаңылыктар