Фермерлерди кредиттөө онлайн форматка өткөрүлөтАКШнын элчиси Лесли Вигери төрт жылдык ишин жыйынтыктап, Кыргызстан менен коштоштуКыргызстандын банктарында жаңы депозиттердин көлөмү 937 млрд сомго жеттиБаалуу металлдар департаментинде коррупциянын алдын алуу боюнча семинар өттүПрокуратуранын кийлигишүүсүнөн кийин компаниянын салык карызы эсептен чыгарылдыКыргызстандагы мектептер үчүн жаңы окуу китептерине 8,5 млрд сом бөлүндү
Япония Кыргызстандын өнүгүүсүнө 900 миллион иен бөлөт
18.06.2025 | 09:30
13-июнда Финансы министрлигинде Япония менен эки келишимге кол коюулду. Документтер Кыргызстандын министрлер кабинетинин, Япония өкмөтүнүн жана Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) катышуусунда жактырылды.
Келишимдерде кызматташуунун эки негизги багыты каралган.
Биринчиси, социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын алкагында заманбап медициналык жабдууларды сатып алууга 500 миллион иен бөлүү.
Экинчиси, Кыргызстандын 20 мамлекеттик кызматчысына Япониянын ЖОЖдорунда магистратура жана докторантурада билим алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган 399 миллион иен өлчөмүндөгү JDS стипендиялык программасын ишке ашыруу.
Долбоорлорду ишке киргизүү үстүбүздөгү 2025-жылга пландаштырылган.
Рубрики: Жаңылыктар