Ажылык сапары 11-майдан тарта башталат: КМДБ өлкөгө кирүүнүн катаал эрежелерин эскертти«Акылман» лицейинин бүтүрүүчүлөрүнө чет өлкөдө окууга мамлекеттик грант берилетДепутаттар «Баатыр энелердин» балдарына билим берүү жеңилдиктерин берүүнү жактырыштыКурорттук Кыргызстан: Советтер союзунан калган мурастан заманбап wellness-экономикага«Үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулунун өлчөмү көбөйдүЖогорку Кеңеште жасалма интеллектти колдонгон коомдук кабыл алуу бөлүмү иштей баштады
Таласта өлкөгө аткезчилик менен ташылып келген 6 тонна азык-түлүк кармалды
06.08.2025 | 16:07

Талас облусунда ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн биринен Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келген 6 тонна тамак-аш азыктары аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, 3-августта “Чоң-Капка-автожол” көзөмөл пунктунда “Мерседес-Бенц” Атего үлгүсүндөгү автоунаа кармалган. Аны тинтүү учурунда өлкө аймагына мыйзамсыз ташылып келе жаткан 6 тонна тооктун тондурулган эти жана башка фабрикаттар табылган. Жүктүн болжолдуу баасы 2 млн 470 миң сомду түзөт.
Учурда тергөөгө чейинки өндүрүш ишинин алкагында мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын өлчөмүн жана аткезчилик ишмердүүлүккө тиешеси бар адамдарды аныктоого багыттылган иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар
Теги: аткезчилик