Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаевдин расмий жолугушуу аземи болуп өттү

Бүгүн Президент Садыр Жапаров менен расмий сапар менен келген Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин расмий жолугушуу аземи өттү. Бул тууралуу президенттик Администрация кабарлады.
Иш-чара «Ынтымак ордо» имаратынын алдында уюштурулду.
Мамлекет башчыларын тосуп алуу аземинде эки өлкөнүн мамлекеттик туулары илинип, Ардактуу кароол тизилди жана килем төшөлдү. Президенттер бири-бири менен саламдашкандан кийин кароол ротасынын командиринин рапортун кабыл алышып, аскердик оркестр Кыргызстан менен Казакстандын гимндерин аткарды.
Андан соң өлкө лидерлери катарды кыдырып, Касым-Жомарт Токаев Ардактуу кароолду «Салам аскер!» деп тосуп алды. Ошондой эле мамлекет башчылары расмий делегациялардын мүчөлөрүн тааныштырышты.
Аземдин соңунда Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев биргелешкен сүрөткө түшүп, тар курамдагы сүйлөшүүлөр залына өтүштү.