Барскоон – Бедел эл аралык автожолунда эң ири тоннелдердин курулушу башталды«Акыркы кат» спектакли түрк дүйнөсүнүн театр фестивалында башкы сыйлыкка ээ болдуЖибек Жолу проспектисиндеги жол жабылат. СебебиАдылбек Касымалиев Беларуска расмий сапар менен бардыБүгүн Бишкектин айрым жерлеринде суу өчүрүлөтБишкекте абанын булганышы нормадан ашты
«Эркечтам» постунда чыр чыгып, күзөт кызматкери асманга ок чыгарды
01.09.2025 | 12:25

31-август күнү Алай районунун Нура айылында жайгашкан «Эркечтам» унаа токтотуучу жайында күзөт кызматкерлери менен Кытай жарандарынын ортосунда пикир келишпестик чыгып, күзөт кызматынын кызматкери асманга үч жолу ок чыгарды. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө тараптар ортосунда кайым айтышуу жаралып, чыр урушка айланган. Жаңы маалымат боюнча, Кытайдын 9 жараны жана күзөт кызматындагы 2 кызматкер РИИБге жеткирилип, суракка алынды. Текшерүүнүн жүрүшүндө Кытайдын 6 жараны мас абалда болгону аныкталган.
Учурда окуя боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө алды текшерүү иштери уланууда.
Рубрики: Жаңылыктар