Орусияда кыргызстандык аскерлердин катышуусунда ЖККУнун машыгуулары аяктадыКыргызстанга миграциялык агым 2025-жылы 15,4 миң адамга жеттиКыргызстанда өлүмдүн көрсөткүчү беш жылда 14%га төмөндөдүФАОнун азык-түлүк бааларынын индекси сентябрда бир жылда 5,8% өстүКыргызстанда төрөттүн жыйынды коэффициенти 2,6га чейин төмөндөдүКыргызстан менен Орусия ветеринария тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту
Бишкектин түштүк тарабында ичүүчү суу убактылуу токтоду
01.09.2025 | 12:32

Борбор калаанын түштүк аймагында ичүүчү суу убактылуу өчүрүлдү. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн таңкы саат 6:00дө диаметри 500 мм болгон суу түтүкчөсүндө авария болгон. Натыйжада саат 7:00дөн тарта турак үйлөргө, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык-өндүрүштүк объектилерге суу берүү токтотулган.
Өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектелет:
- Масалиев — Ч. Айтматов проспекти — Ы. Абдрахманов — Садырбаев;
- Масалиев — Ч. Айтматов проспекти — Токтоналиев — М. Гшлиессер;
- Жал-29 жана №95 мектептин түштүк тарабы.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом