Кыргызстан Америка мамлекеттеринин уюмунда туруктуу байкоочу статусун алууну көздөөдөКыргызстандык окуучулар эл аралык математика олимпиадасында ийгилик жаратыштыКасымалиев АКШнын IT-гиганты менен санариптик коопсуздук боюнча жумушчу топ түзүү тууралуу макулдаштыБишкек конуштар үчүн жаңы автобустарды сыноодон өткөрүүдөБишкекте мечиттер КМДБнын балансына өткөрүлүп берилүүдөОш шаарында үч тараптуу айланма жол курулуп жатат
Москвада маркум Көлбаевдин жан сакчысы каракчылыкка шектелип кармалды
04.09.2025 | 13:59

Москва шаарында эл аралык издөөдө жүргөн “Узун Улан” каймана аттуу уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү Б.У.К. кармалып. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 52-жаштагы Б.У.К. Камчы Көлбаевдин эң жакын жана ишенимдүү адамы болуп, анын жеке коопсуздугуна жооп берген. Ал бир нече жолу криминалдык чыр-чактактарга катышкан, андан сырткары, “общак” кылмыш казынасын толтуруу максатында опузалоо менен ишкерлерден коммерциялык фирмаларды жана кыймылсыз мүлктөрдү тартып алган.
ИИМ аталган жаран 2019-жылы Бишкек шаарынын аймагында чет өлкөлүк ишкерге кол салып, ири өлчөмдөгү мүлкүн ээлеп алууга айыпталууда.
Учурда шектүү Бишкекке алынып келинип, тергөө иштери жүрүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар