Улуттук тарых музейинде Улуу Ата Мекендик согушту эскерүүгө арналган көргөзмө ачылдыМанас шаарында эл аралык китеп фестивалы өтөтЖК комитети Маматкановдун вице-премьер-министрлик кызматка талапкерлигин жактырдыБишкекте 5 миң жумуш орду сунушталган кесиптер жарманкеси өтөтЫсык-Көлдүн түбүнөн бир чакырымдан ашык браконьердик тор чыгарылдыОшто 100 жумуш орундуу кондитердик цех ачылды
Бишкектеги бала бакчалардын иш графиги өзгөрдү, эми 8:00дөн 18:00гө чейин иштейт
05.09.2025 | 16:00

Муниципалдык бала бакчалардын иштөө тартиби өзгөрүп, эми эртең менен саат 8:00дөн баштап 18:00гө чейин иштейт. Бул тууралуу мэрия маалымдады.
Маалыматка ылайык, жаңы тартип быйыл май айында Министрлер кабинети бекиткен мамлекеттик стандартка ылайык киргизилди.
Буга чейин бала бакчалар 07:30дан 18:30га чейин иштеп келген.
Социалдык түйүндөрдө ата-энелер жаңы графикке нааразычылык билдирүүдө. Алардын айтымында, иш күнү 09:00дө башталып, 18:00дө аяктагандыктан, балдарын убагында жеткирүү жана алып кетүү кыйынга турат.
Рубрики: Жаңылыктар