Токмокто мугалим окуучу кызды зордуктоого шектелип кармалдыБишкекте тергөөчү пара талап кылууга шектелип кармалдыБишкекте баңгизат таратууга шектелип 19 жаштагы жигит кармалдыОш облусунун экс-губернатору кармалып, СИЗОго киргизилдиУлуттук тарых музейинде Улуу Ата Мекендик согушту эскерүүгө арналган көргөзмө ачылдыМамлекеттик органдарга каттарды кагаз түрүндө кайталоону токтотуу сунушталды
Кыргызстан менен Түштүк Корея кол өнөрчүлүк жаатында кызматташуу боюнча меморандум кабыл алышты
05.09.2025 | 17:29

Кыргызстандын маданият министри Мирбек Мамбеталиев менен Түштүк Кореянын Чхонджу шаарынын мэри Ли Бом Сок мырза салттуу кол өнөрчүлүк жаатында кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Меморандумдун алкагында көргөзмөлөрдү, чебер-класстарды, тажрыйба алмашууларды жана адистер ортосунда түз байланыштарды кеңейтүү каралган.
Министрлик бул кызматташтык маданий алакаларды системдүү жана туруктуу нукка буруп, айрыкча салттуу кол өнөрчүлүк, искусство жана чыгармачылык тармагындагы өнөктөштүктү өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Турмуш образы