Бишкекте жаш «закладчиктер» кармалды. Алардан 100 түйүнчөк баңгизат табылды
ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан 19 жаштагы К.И.Н. жана 18 жаштагы А.Т.Т. «закладка» таштоо менен баңгизат таратууга шектелип кармалышты. Жеке текшерүү учурунда алардын жанынан 100 түйүнчөккө салынган гашиш табылып алынган.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси «Баңгизат каражаттарын сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз ташуу» менен кылмыш иши козголду. Кармалгандар СИЗОго киргизилди.
Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын маалыматында, кызматкерлер «закладкалар» даярдалышы мүмкүн болгон көйгөйлүү аймактарды үзгүлтүксүз анализдеп, аларды табуу үчүн жерлерди текшеришет. Бул чаралар кылмыштуулукту аныктоо жана токтотуу, коомдук коопсуздукту бекемдөө жана жарандарды баңгизат коркунучунан коргоо максатында жүргүзүлөт.