Кыргызстанда доллардын баасы кескин түрдө жогорулап, буга чейин 73 сомдон сатылып жаткан бир доллардын баасы 85 сомго чыкты.
Буга чейин Улуттук банкттын төрагасы Толкунбек Абдыгулов мындан ары 1 доллар 72, 90 сомдон сатылат деген.
10-мартта Кыргызстанда доллардын баасы кескин түрдө жогорулап, бир доллардын сатуудагы баасы 73 сомго чейин чыккан. Улуттук банк ошол эле күнү доллардын баасын ооздуктоо максатында 53,7 миллион доллар интерференция жасаган.