Башына жасалма чач эгип алган эл өкүлдөрүн билесизби? — сүрөттөр

Башына жасалма чач эгип алган эл өкүлдөрүн билесизби? — сүрөттөр

Жогорку Кеңештин депутаттары дайыма коомчулуктун сынында болот. Эл алардын бир гана мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүн эмес, сырткы келбетиндеги өзгөрүүлөрдү дайыма байкап турушат.

Эл өкүлдөрүнүн кээ бирлерин чач түшүү көйгөйү тынчсыздандырат. Reporter.kg маалымат агенттиги чачтарын жасалма жол менен өстүргөн депутаттар тууралуу айтып беребиз. 

Бул ыкма — чач трансплантациясы деп аталат. Тактап айтканда, адамдын башындагы чачты, мурутту, сакалды, каш, кирпиктерди хирургиялык жол менен калыбына келтирүү ыкмасы. Бул ар кандай күйүктөрдөн калган тактарды, туура эмес жасалган пластикалык операцияларды жашыруу үчүн колдонулат. 

Жогорку Кеңештин «Республика – Ата-Журт» фракциясынан депутат Таабалды Тиллаев. Бул эл өкүлү чач өстүрүү операциясын 2015-жылы же 2016-жылдары жасаткан. Ал 2015-жылы 6-чакырылыштын депутаттары парламенттин трибунасында ант берип жаткандагы сүрөттүн байкасаңыздар. Анда чачы суюк жана маңдай жагында жок. Ал эми экинчи сүрөттө чач өстүрүү операциясынын жыйынтыгы көрүнүп турат.

Таабалды Тиллаев. Сол жактагы мурда, ал эми оң жактагы учурда

Жогорку Кеңештин депутаты, «Бир – Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов. Сулаймановду эл дайыма чачы алынып жүргөнүн көрөт. Эл өкүлү өзүнүн инстаграм баракчасына жаш кезиндеги чачы кара, коюу кезинде түшкөн сүрөттүн жүктөгөн. 

Алтынбек Сулаймановдун жаш кези.

Депутат ошол кездеги чачын сагынганбы, учурда жасалма жол менен чачын  (трансплантации волос) өстүрүп жатыптыр. Бул тууралуу депуттын жакындары айтып берди. Акыркы учурларда Сулаймановдун баш кийимчен жүрүп калганы да ошол себептен. Анткени анын чач өстүрүү операциясын жасатканына көп убакыт боло элек.

КСДП фракциясынын дагы бир депутаты Кожобек Рыспаев кесиптештеринен артта калбайын дегенго ал да чачты жасалма жол менен өстүрүү операциясын жасатып жүргөнүн эл өкүлүнүн жакындары айтты. 2015-жылдагы чачы менен азыркысын салыштырып көрөлү.

Кожобек Рыспаев. сол жактагы мурдагы, ал эми оң жакта учурдагы

КСДП фракциясынан депутат Чыныбай Турсунбеков. Турсунбеков парламенттеги ардагер депутаттардын катарына кирет. Анын чачын дайыма кыска алынганын көрчүбүз (эл ичинде мындай алынган чачтарды ёжик деп коёт.). Эл өкүлүнүн акыркы убактарда чачынын түсү жана жасалгасы өзгөрдү.

Чыныбай Турсунбеков. сол жакта мурдагы, оң жакта учурдагы

Дүйнөлүк практикада чачты жасалма жол менен өстүргөндөрдүн 90 пайызы ийгиликтүү ишке ашырылат. Трансплатацияланган 10 тал чачтын 9у тамыр жайышы керек. Бул операция дененин тийиштүү бөлүгүн жансыздандыруучу наркоз (местный наркоз) жана амбулаториялык негизде жасалат. Жасалма жол менен чач өстүрүү ыкмасы бир жылдан кийин жыйынтыгын берет. Мындай жол менен өстүрүлгөн чач өмүр бою сакталат.

Белгилей кетсек, Бишкекте чачты жасалма жол менен өстүрүү кызматтарын көрсөтүү бир нече жеке клиникалар бар. Бул кызматтын орточо баасы 2 миң доллардан 5 миң долларга чейин.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>