Бишкекте кыздарды баңгизат колдонууга азгырууга шектелген жаран кармалдыБишкек Масленица майрамын белгилөөгө даярдануудаУКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев Кыргызстандан чыгып кеткени айтылдыОкуучулар мартта 3 гана күн эс алышат. Министрлик себебин түшүндүрдүЧоң-Кеминдеги талаадан уча албай калган ак куу табылдыКыргызстанда «Кыргыз Туусу» маалымат-басма үйү» мамлекеттик мекемеси түзүлдү
“Положенец”. Психбольницадан уюшкан топ түзгөн жаран кармалды
29.09.2025 | 17:48

Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы 1985-жылы туулган А.Б. аттуу жаранды кармады. Ал атайын психиатриялык мекемеде жазасын өтөп жатканда криминалдык идеологияны тутунган адамдардын тобун түзүп, өзүн “положенец” деп жарыялаган.
Маалыматка ылайык, А.Б.:
- 2018-жылы мурдагы укук коргоо кызматкерине бир нече жолу бычак сайган.
Соттолгондордон “общак” үчүн акча чогулткан; - Физикалык артыкчылыгын жана өз таасирин колдонуп, мекемеде жана сыртында адамдарды көзөмөлдөгөн;
- Мыйзамсыз жол менен алынган каражатка үйлөр, жер тилкелерин жана 100дөн ашык ири мүйүздүү бодо малды сатып алган;
ИИМдин маалыматы боюнча, А.Б. коомдук коопсуздукка коркунуч жаратып, уюшкан кылмыштуулуктун жайылышына өбөлгө түзгөн. А.Б.га Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси (уюшкан топ түзүү) боюнча кылмыш иши козголду.
Ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө А.Б. камакка алынып, анын шериги 1980-жылы туулган А.А. да кармалды. Тергөө уланууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар





