Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода Бишкекке келди13-февралга карата аба ырайыКамчыбек Ташиев он үчүнчү февраль күнү эртең менен Кыргызстанга келетАзия инфратүзүмдүк инвестициялар банкы Кыргызстандагы мамлекеттик долбоорлорду колдоого даярМарлен Маматалиев: Мамлекетти бөлүп-жарууга жол бербейбизБишкек менен Чүйдө спирт ичимдиктерин чыгарган жашыруун цехтер аныкталды
Бишкекте эки адамдан коронавирус табылды
21.03.2020 | 18:27
Кыргызстанда коронавируска чалдыккан дагы 2 учур катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы туруу боюнча түзүлгөн ыкчам штаб кабарлады.
Ооруну жуктургандыгы аныкталгандардын бирөө Франциядан келип, “Манас” эл аралык аэропортундагы обсервация борборунда болчу, ал эми экинчиси – кичи ажылыктан кайтып, Бишкек шаарындагы “Ак-Кеме” мейманканасында изоляцияга алынган жаран.
Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, COVID-19 вирусун жуктургандар сырттан келгендер.
21-мартка карат күнү өлкөдө оорунун жаңы 8 учуру катталды. Бүгүнкү күндө (18:15 /21.03. 2020) коронавируска чалдыккандардын саны 14 адамга жетти.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар