•  +(996) 557 67 66 40
  •  press@reporter.kg
ЖАҢЫЛЫКТАРОКУЯЛАР

Бишкекте эки адамдан коронавирус табылды

Кыргызстанда коронавируска чалдыккан дагы 2 учур катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы туруу боюнча түзүлгөн ыкчам штаб кабарлады.

Ооруну жуктургандыгы аныкталгандардын бирөө Франциядан келип, “Манас” эл аралык аэропортундагы  обсервация борборунда болчу, ал эми экинчиси – кичи ажылыктан кайтып, Бишкек шаарындагы  “Ак-Кеме” мейманканасында изоляцияга алынган жаран.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, COVID-19 вирусун жуктургандар сырттан келгендер.

21-мартка карат күнү өлкөдө оорунун жаңы 8 учуру катталды. Бүгүнкү күндө (18:15 /21.03. 2020) коронавируска чалдыккандардын саны 14 адамга жетти.

Комментарий кош

Сиздин э-почта сайтта көрсөтүлбөйт. Зарыл түрдө толтуруу керек болгондор *