Бишкек мэрине кытайлык Geely электробустары көрсөтүлдү — алар шаардык каттамдарга чыгышы мүмкүнМинистрлер кабинети Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планын бекиттиЧүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — Орунбеков
Бишкектин кичи райондорунда белгисиз адам унаалардын айнектерин талкалап жүрөт
06.10.2025 | 18:01
Борбор калаанын айрым кичи райондорунда белгисиз жигит көп кабаттуу үйлөрдүн короосунда токтоп турган автоунаалардын айнектерин талкалап жүрөт.
Бишкектиктердин айтымында, ал айнектерди сындырганы менен унаалардын ичинен эч нерсе уурдаган эмес. Байкоо камераларына шектүү айнекти сындырып, сигнализация иштегенде коркуп качып кеткен учур жазылып калган.
Октябрь райондук ИИБдин маалыматында, милицияга эки жаран кайрылып, аталган жигитке карата чара көрүүнү өтүнгөн. Бул фактылар катталып, учурда шектүүнүн өздүгүн аныктоо боюнча иштер жүрүп жатат.

