Айыл чарба продукциясын чыгаруунун көлөмү 396 млрд сомдон аштыOld Bishkek комплексин нөшөрлөгөн жаандан улам суу каптады. Нариман Түлеев эмне деди?Садыр Жапаров жаңы жылдык куттуктоосунда 2025-жылдын жыйынтыгын чыгардыҮй иштериндеги аялдардын жүгү эркектердикинен беш эсе оорБишкекте турак үйдөн өрт чыгып, бир адам каза таптыУКМК «Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомуна» таандык жер мыйзамсыз менчиктештирилгенин аныктады
Эртең Бишкектин айрым бөлүгүндө суу убактылуу өчүрүлөт
26.10.2025 | 11:36

Бишкек шаардык мэриясы билдиргендей, 27-октябрда саат 10:00дөн 19:00гө чейин борбордун айрым аймактарында суу берүү убактылуу токтотулат.
Суу төмөнкү аймактарда болбойт:
- Ч.Айтматов проспектиси – Айни көчөсү – Водопроводная көчөсү – Сухомлинов көчөсү – Целинная көчөсү – Политехническая көчөсү – Таш-Көмүр көчөсү менен чектешкен аймактар;
- Эски аэропорт аймагы жана Ак-Кеме мейманканасынын тегереги.
Мэриянын маалыматына караганда, суу берүү диаметри 300 мм болгон магистралдык суу түтүгүн оңдоо иштерине байланыштуу токтотулат.
Шаар бийлиги жарандардан убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну эскертет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом