Улуттук тарых музейинде Улуу Ата Мекендик согушту эскерүүгө арналган көргөзмө ачылдыМанас шаарында эл аралык китеп фестивалы өтөтЖК комитети Маматкановдун вице-премьер-министрлик кызматка талапкерлигин жактырдыБишкекте 5 миң жумуш орду сунушталган кесиптер жарманкеси өтөтЫсык-Көлдүн түбүнөн бир чакырымдан ашык браконьердик тор чыгарылдыОшто 100 жумуш орундуу кондитердик цех ачылды
Кыргызстанда келерки жылы жол иштерине 484 жаңы техника алынат
27.10.2025 | 10:09

Кийинки, 2026-жылы өлкө боюнча жол оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн 484 атайын техника сатып алынат. Бул тууралуу министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жолчуларды кесиптик майрамы менен куттуктоо учурунда билдирди.
Анын айтымында, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин техникалык базасын чыңдоо жана ишмердүүлүктүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында акыркы жылдары Жол фондунун эсебинен 750дөн ашык атайын техника алынган.
Өкмөт башчысы жаңы техникалар жол инфраструктурасын жакшыртууга жана тейлөө сапатын арттырууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.