ЕӨБ Кыргызстандагы «жашыл» жана энергетикалык долбоорлордун ишке ашырылышы тууралуу маалымдады
Евразия өнүктүрүү банкы (ЕӨБ) Кыргызстандагы инвестициялык долбоорлор жана жөнгө салуучу демилгелер боюнча дайджестти сунуштады. Серепке абанын сапатын жакшыртуу боюнча чараларды каржылоо жана генерациялоочу кубаттуулуктарды куруу, ишкердикти өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын иштеп чыгуу, ошондой эле көмүртектүү квоталарды соодалоо тутумун киргизүү жана транспорт чөйрөсүндөгү эл аралык институттар менен кызматташуу тууралуу маалыматтар киргизилген.
Абанын сапатын жакшыртууну каржылоо
Республикада абанын сапатын жакшыртуу боюнча чараларга 60 млн АКШ долларынан ашык каражат багытталат. Атап айтканда, KOICAнын колдоосу менен 10 млн долларлык долбоор 2028-жылга чейин ишке ашырылууда. Дагы 50 млн долларлык долбоор Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланууда.

Ошону менен бирге Министрлер Кабинети уюштуруучулук кадамдарды көрүүдө. №221-буйрук менен тийиштүү ведомстволор аралык комиссиянын курамы жаңыланды. Учурда он жыйын, ошондой эле Ош жана Манас шаарларында көчмө жыйындар өткөрүлдү.
Энергетикалык объекттердин курулушу
Экологиялык чаралар менен катар энергия тартыштыгын кыскартуу үчүн генерациялоочу кубаттуулуктарды арттыруу иштери жүрүүдө. «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ААК алты гидроэлектр станциясынын жана бир күн станциясынын курулушун каржылай баштады. Демилгелердин жалпы баасы 21,6 млрд сомду түзөт.

Объекттердин жалпы кубаттуулугу 148,3 МВтка жетип, жылына 629,7 млн кВт·ч энергия өндүрүү пландалууда. Белгиленгендей, бул пландарды ишке ашыруу учурдагы энергия тартыштыгынын 16%ын жабууга мүмкүндүк берет. Финансы министрлиги бул салымдардын мультипликативдик натыйжасын белгилейт: жумуш орундарын түзүү, салык төлөмдөрүнүн өсүшү жана инфратүзүмдү өнүктүрүү.
Энергия булактарын диверсификациялоонун алкагында тармакка шамал генерациясынан алгачкы мегаватттар келе баштады. «Жашыл» станциялар ассоциациясынын жетекчиси Кундус Кырбашева биринчи шамал электр станциясынын иши башталганын билдирди.
Жалпы кубаттуулугу 100 МВт болгон шамал паркы эки этапта (ар бири 50 МВттан) курулууда (биринчи кезекте 21 турбина камтылган). Өндүрүлгөн энергия Ысык-Көл облусун камсыздоого жана CASA-1000 долбоору боюнча экспорттоого багытталган. Энергияны сактоо технологияларын өнүктүрүү мындай булактардын ишенимдүүлүгүн арттырууга өбөлгө түзөрү белгиленди.
Коомдук имараттардын энергия натыйжалуулугу
Энергияны үнөмдөө чаралары жаңы кубаттуулуктарды ишке киргизүү пландарын толуктайт. 2026-жылдын 16-февралында Бишкекте АРИС жана Климатты каржылоо борбору тарабынан ишке ашырылып жаткан «Коомдук имараттарда аз көмүртектүү чечимдерге инвестицияларды тартуудагы тобокелдиктерди азайтуу» долбоору башталды.
25 млн долларлык бул демилге өлкө боюнча 40 имаратта энергияны үнөмдөөчү чечимдерди киргизүүнү карайт. Күтүлгөн натыйжа — 698,5 миң тонна көлөмүндөгү CO2 газынын бөлүнүп чыгышын алдын алуу. Долбоорду «Жашыл климаттык фонд» тарабынан жактыруу үчүн даярдоо иштери менен E Co. жана «ЮНИСОН Групп» консультанттары алектенүүдө.
Көмүртектүү квоталарды соодалоо тутуму
Министрлер Кабинети 24-февралда Көмүртектүү бирдиктерди инвентаризациялоо, мониторинг жүргүзүү жана жүгүртүү боюнча улуттук тутумду бекитти. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев тарабынан кол коюлган №133-токтом көмүртектүү квоталар рыногун ишке киргизүү үчүн ченемдик негизди түзөт. Документ парник газдарынын бөлүнүп чыгышы боюнча отчеттуулук жана верификация регламенттерин киргизет.
Тутумдун ишине Жаратылыш ресурстары министрлиги жооптуу болуп дайындалды. Ведомство Климатты каржылоо борбору менен биргеликте Париж келишими боюнча милдеттенмелерди аткаруу жана эл аралык аянтчаларга чыгуу үчүн климаттык маалыматтардын эсебин камсыздайт.
Жаңы тутумдун алдына бөлүнүп чыккан газдардын булактарын инвентаризациялоо, көмүртектүү бирдиктердин бирдиктүү реестрин түзүү жана көз карандысыз верификацияны киргизүү милдеттери коюлган. Жаратылыш ресурстары, Финансы жана Экономика министрликтерине квоталарды сатуудан түшкөн каражаттарды экологиялык максаттарга бөлүштүрүү тартибин иштеп чыгуу тапшырылды.
Транспорт чөйрөсүндө АӨБ менен кызматташуу
Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Б. Момбеков 26-февралда Азия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен жолугушту. Тараптар электромобилдүүлүк, кубаттоо инфратүзүмүн түзүү жана темир жол тармагын заманбапташтыруу боюнча кызматташуу келечегин талкуулашты. Катышуучулар электр транспортун өнүктүрүүгө шарт түзүүгө жана ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүүгө өзгөхө көңүл бурушту.

Күн тартибине жол тармагына санариптик чечимдерди киргизүү маселелери кирди. Жолдордун абалын талдоо тутумдары, интеллектуалдык чечимдерди жана маалыматтык аналитиканы колдонуу каралды. Ошондой эле коопсуздук, климатка туруктуулук жана техникалык абал критерийлеринин негизинде инвестицияларды артыкчылыктуу багыттоо механизмдери талкууланды. Жолдорго мониторинг жүргүзүү үчүн метеостанцияларды жана мобилдик лабораторияларды колдонуу сунушталды. АӨБ өкүлдөрү инфратүзүмдү башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн эл аралык тажрыйба жана инструменттер менен камсыз кылууга даярдыгын билдиришти.
Чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүү
Экономика жана коммерция министрлиги ЕӨБ, БУУӨП жана ЕККУнун Программалык кеңсеси менен биргеликте Чакан жана орто ишкердикти (ЧОИ) колдоо жана өнүктүрүүнүн 2030-жылга чейинки программасын иштеп чыгууда. Документтин долбоору 2026-жылдын 12-февралында жарыяланган. Негизги максат — айрым гана чаралардан ишкердикти колдоонун бирдиктүү тутумуна өтүү. Буга чейин мамлекеттин жана каржы түзүмдөрүнүн аракеттерин синхрондоштуруу үчүн Президенттин жарлыгы менен ЧОИ субъекттерин колдоо институттарынын Консорциуму түзүлгөн.
Документтин 19-февралда Бишкекте өткөн корутунду талкуусуна чейин Баткен, Ош, Талас, Нарын жана Каракол шаарларында бир катар көчмө жолугушуулар өткөн. Жергиликтүү ишкерлердин сунуштары долбоордун негизин түздү. Стратегиялык сессиянын жүрүшүндө жумушчу топтор алты багыт боюнча демилгелерди иштеп чыгышты.
«Каржылык инструменттер» блогунда жеңилдетилген насыялоону, кепилдик механизмдерин өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу пландаштырылган. «Аймактарды өнүктүрүү жана экспорт» багыты аймактарды адистештирүүнү, айыл чарбасында кошумча нарк чынжырын түзүүнү жана өндүрүүчүлөрдү тышкы рынокко чыгууда коштоону карайт.
Секторду санариптик трансформациялоо үчүн бизнестин мамлекеттик кызматтарга жетүүсүн жөнөкөйлөтүүчү «ЧОИ Хаб» платформасын киргизүү болжолдонууда. Укуктук коргоо чөйрөсүндөгү чаралар административдик тоскоолдуктарды азайтууга жана жеке менчикке кол тийбестик кепилдиктерин камсыздоого багытталган. «Инновациялар жана креативдүү экономика» блогу аялдардын ишкердигин жана жаштардын стартаптарын колдоону камтыйт.