Ак-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектептин курулушу башталды

Бүгүн, 10-мартта, Бишкек шаарынын Ак-Бата конушунда жаңы мектептин курулушу башталды. Курулушка мезгил кутусун курулуш министри Нурдан Орунтаев салды.
Курулуш министрлигинин маалыматында, иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Жогорку Кеңештин депутаттары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана аймактын тургундары катышты.
Министр Нурдан Орунтаев өз сөзүндө билим берүү инфраструктурасын өнүктүрүү мамлекеттин артыкчылыктуу багыты экенин жана бул долбоор окуучулардын жетишсиздигин жоюуга багытталганын билдирди.
Мектеп 650 окуучуга ылайыкталат. Имараттын жалпы аянты 5300,33 чарчы метрди түзөт. Ошондой эле мектеп заманбап шарты менен 3 блоктон туруп, эки кабаттуу болуп курулат. Инженердик талаптарга ылайык, аймактын сейсмологиялык абалы эске алынып, имарат 9 баллдык туруктуулукка ылайыкталат.
Курулуш иштерин «ГрадСтройРесурс» ЖЧКсы жүргүзөт. Иштин жүрүшүнө Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги көзөмөл кылат.