Бишкекте Жеңиштин 81 жылдыгына арналган митинг-реквием өттүКыргызстанда юридикалык жактарды каттоо эрежелери жаңыртылдыБаткен облусунда жана Жалал-Абадда сел жүрдү: ондогон үйлөр жана социалдык объекттер жабыркадыАдылбек Касымалиев кыргызстандыктарды Эмгек күнү менен куттуктадыКыргызстандын хоккей боюнча өспүрүмдөр курамасы Индонезияны 17:1 эсебинде талкаладыМСК оңдоочу электрондук эсеп-фактураны жол-жоболоштуруу тартибин өзгөрттү
Ошто соцтармактарда экстремисттик материалдарды таратууга шектелген жаран кармалды
13.03.2026 | 16:43

Ош облусунда интернетте тыюу салынган маалыматтарды таратууга шектелип 34 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милиция маалымдады.
Экспертизанын корутундусуна ылайык, аталган жаран социалдык тармактар аркылуу экстремисттик жана террордук уюмдарга таандык материалдарды жайылтып келген.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) жана 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу) менен кылмыш иши козголду.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында шектүү Дж. у. М. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда кылмыш ишине тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери улантылууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар