Сот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капаловдун cөөгү табылды

14.03.2026 | 11:41

Башкы прокуратурага караштуу Сот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капаловдун сөөгү унаанын ичинен табылды.

Бишкек шаардык ИИББнын маалыматына ылайык, окуя тууралуу билдирүү 102 кызматына 13-мартта саат 23:00 чамасында түшкөн. 1981-жылы туулган маркумдун денеси Кожомбердиев көчөсүндөгү банкет залынын жанында токтоп турган GAC үлгүсүндөгү унаанын ичинен табылды. Окуя болгон жерди кароодо укук коргоо органдарынын кызматкерлери маркумдун көкүрөк тушуна ок тийгенин аныкташкан.

Ленин райондук ИИБнин тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерден 12 мм калибрдеги «Иж-18» мылтыгын, 13 окту, гильзаны, эки уюлдук телефонду жана коштошуу катын тапкан. Алдын ала маалыматтар боюнча, маркум карызы бар болгондуктан өз өмүрүнө кол салган болушу мүмкүн.

Аталган факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин «Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү» беренеси менен кылмыш иши козголду. Өлүмдүн так жагдайларын аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Учурда тергөө органдары окуянын бардык версияларын текшерүү үчүн зарыл болгон процессуалдык аракеттерди жүргүзүүдө.

Scroll to Top