15-мартка карата аба ырайы

15.03.2026 | 10:00

Бүгүн, 15-мартта, Ош жана Баткен облустарынын айрым жерлеринде жамгыр, тоолуу райондорунда кар жаайт, Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт, күн ачык жана бир аз булуттуу болот. Ашууларда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

  • Чүй облусунда түнкүсүн 0…5°C, күндүз 6…11°C;
  • Талас облусунда түнкүсүн -1…-6°C, күндүз 5…10°C;
  • Ош облусунда ​түнкүсүн -2…3°C, күндүз 9…14°C;
  • Жалал-Абад облусунда ​түнкүсүн -2…3°C, күндүз 9…14°C;
  • Баткен облусунда ​түнкүсүн -3…2°C, күндүз 8…13°C;
  • Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6°C, күндүз 3…8°C;
  • Нарын облусунда түнкүсүн -7…-12°C, күндүз -2…-7°C болот;
  • Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн -1…-3°C, күндүз 8…10°C болот.
Scroll to Top