Бишкекте Жеңиштин 81 жылдыгына арналган митинг-реквием өттүКыргызстанда юридикалык жактарды каттоо эрежелери жаңыртылдыБаткен облусунда жана Жалал-Абадда сел жүрдү: ондогон үйлөр жана социалдык объекттер жабыркадыАдылбек Касымалиев кыргызстандыктарды Эмгек күнү менен куттуктадыКыргызстандын хоккей боюнча өспүрүмдөр курамасы Индонезияны 17:1 эсебинде талкаладыМСК оңдоочу электрондук эсеп-фактураны жол-жоболоштуруу тартибин өзгөрттү
БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыратты
15.03.2026 | 17:32

Бүгүн, 15-мартта, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия Жогорку Кеңештин депутаты Нурланбек Азыгалиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Бул тууралуу комиссия билдирди.
Буга чейин Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жазганы белгилүү болгон.
Нурланбек Азыгалиев парламентке 2025-жылдын декабрында №17 бир мандаттуу шайлоо округунан 12 миң 20 добуш менен шайланып келген. Ал «Эл үмүтү Ата-Журт» депутаттык тобунун мүчөсү болгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат