Чеберчилик, кайрат жана тартип — Бишкекте армиялык кол уруш боюнча КР чемпионаты өттүБерлинди штурмдоо: кыргызстандык Хашимжан Самиевдин эрдиги жана кошкон салымыӨКМ өлкөнүн айрым аймактарында сел жүрүүсү мүмкүн экенин эскерттиКелечектин кесиби жана таза энергетика: Бишкекте “Атомдук сабак” болуп өттүКыргызстанда 2026-жылы 12 жаңы өнөр жай ишканасы ачылатMBANK жана Visa 3% кешбээги менен Lamine Yamal чектелген коллекциялык картасын ишке киргизишти
Кыргызстан менен ЮНИСЕФ өлкөдөгү балдардын укуктарын коргоо боюнча биргелешкен иш планды бекитишти
16.03.2026 | 12:27

Кыргызстанда 2026–2027-жылдарга карата балдардын укуктарын коргоо системасын чыңдоого багытталган социалдык саясат боюнча программалардын биргелешкен иш планы бекитилди.
Документке Кыргызстандын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева жана ЮНИСЕФтин өкүлү Самман Тапа кол коюшту.
Пландын алкагында балдардын абалына системалуу мониторинг жүргүзүүгө, мекемелер аралык өз ара аракеттенүүнү чыңдоого жана Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн институтунун ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга басым жасалат.
Тараптар бул планды ишке ашыруу балдардын кызыкчылыктарын козгогон маселелерди чечүүгө жана бул тармактагы мамлекеттик саясаттын натыйжалуулугун арттырууга шарт түзөрүн белгилешти.