Садыр Жапаров ЖОЖдордо жана колледждерде окуу акысын жогорулатууга бир жылга тыюу салды2-май: Өлкө боюнча жамгыр жаап, күн күркүрөйтБишкекте Жеңиштин 81 жылдыгына арналган митинг-реквием өттүКыргызстанда юридикалык жактарды каттоо эрежелери жаңыртылдыБаткен облусунда жана Жалал-Абадда сел жүрдү: ондогон үйлөр жана социалдык объекттер жабыркадыАдылбек Касымалиев кыргызстандыктарды Эмгек күнү менен куттуктады
Стамбул шаарында Кыргыз киносунун күндөрү өтөт
17.03.2026 | 14:01

24-26-март күндөрү Түркиянын Стамбул шаарындагы «Atlas» кинотеатрында Кыргыз кино күндөрү өткөрүлөт. Бул тууралуу Маданият мнистрлиги билдирди.
Иш-чара кыргыз кинематографиясын эл аралык деңгээлде таанытуу, маданий кызматташтыкты кеңейтүү жана түрк көрүүчүлөрүн кыргыз кино өнөрү менен тааныштыруу максатында уюштурулууда.
Программанын алкагында төмөнкү көркөм тасмалар көрсөтүлөт:
- «Кара Кызыл Сары» (режиссёр Актан Арым Кубат);
- «Качкын» (режиссёр Дастан Жапар уулу);
- «Бейиш 2» (режиссёр Руслан Акун).
Тасмаларда кыргыз коомунун турмушу, адам тагдыры, улуттук маданий баалуулуктар жана социалдык маселелер чагылдырылган. Бул иш-чара эки өлкөнүн ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган.
Рубрики: Жаңылыктар, Маданият