Кыргызстандын эл аралык резервдери эки айда 1,5 млрд долларга азайды

20.04.2026 | 14:57

Улуттук банктын маалыматына ылайык, Кыргызстандын эл аралык резервдери 2026-жылдын мартында 8,69 млрд долларды түздү. Бул 10,18 млрд долларлык тарыхый максимум катталган январдагыга салыштырмалуу 1,49 млрд долларга аз.

Ошол эле учурда жылдык динамика оң бойдон калууда: 2025-жылдын башында резервдер 5,19 млрд долларды түзгөн, башкача айтканда, бир жыл ичинде дээрлик эки эсеге өскөн. Кескин секирик 2025-жылдын июнь айында байкалган — бир айда дароо 757 млн долларга өскөн — андан кийин өсүш 2026-жылдын январына чейин уланган.

2026-жылдын февраль-март айларындагы төмөндөө тынымсыз өсүүдөн кийинки биринчи артка кетүү болду. Адатта дүң көрсөткүчтөрдөн бир аз артта калган резервдердин өтүмдүү (ликвиддүү) бөлүгү март айында 8,61 млрд долларды түздү.

Reporter.kg маалымкаты: Дүң резервдер — бул өлкөнүн борбордук банкынын карамагындагы бардык чет элдик активдердин жыйындысы. Алардын курамына чет өлкө валютасы, алтын, ЭВФтеги (Эл аралык валюта фонду) карыз алуунун атайын укуктары (СДР), өлкөнүн ЭВФтеги резервдик позициясы жана башка өтүмдүүлүгү жогору чет элдик активдер кирет.

Резервдердин өтүмдүү бөлүгү — бул дүң резервдердин ичинен эсептешүүлөр үчүн тез арада колдонууга мүмкүн болгон бөлүгү. Ал, эреже катары, дүң резервдерден бир аз аз болот, анткени жеткиликтүүлүгү чектелген же убакытты талап кылган активдерди камтыбайт.Резервдер мамлекетке бир нече максатта керек: улуттук валютанын курсун кармап туруу, тышкы карызды тейлөө, кризис учурунда импортту жабуу жана инвесторлордун өлкө экономикасына болгон ишенимин сактоо. Кеминде үч айлык импортту жапкан сумма резервдердин ыңгайлуу деңгээли деп эсептелет.

Scroll to Top