Садыр Жапаров Сауд Арабиянын элчисин кабыл алды

21.04.2026 | 14:45

Бүгүн, 21-апрелде, президент Садыр Жапаров Сауд Арабия Падышалыгынын Кыргызстандагы элчиси Ияд бин Гази Хакимди ишеним грамотасын тапшыруу аземине байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы жолугушууда Сауд Арабиянын дүйнөлүк саясаттагы жана экономикадагы ордун, аймактык коопсуздукту камсыздоодогу ролун белгиледи. Ал Кыргызстан Сауд Арабия менен саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташууну өнүктүрүүгө, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагында иштешүүгө көңүл бурарын билдирди.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров Сауд өнүктүрүү фондунун линиясы боюнча турак жай, инфраструктура, саламаттык сактоо жана билим берүү тармактарында долбоорлор ишке ашырылып жатканын белгиледи.

Ал эми Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча президент Кыргызстан калктын өмүрүнө коркунуч алып келген жана жарандык инфраструктурага зыян келтирген аракеттерди айыптай турганын билдирди.

Элчи Ияд бин Гази Хаким өз кезегинде эки өлкө ортосундагы мамилелердин деңгээлин белгилеп, байланыштар өнүгө турганына ишеним билдирди. Жолугушуунун соңунда тараптар эки тараптуу жана көп тараптуу форматта кызматташууга даярдыгын ырасташты.

Scroll to Top