Чүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — ОрунбековБишкекте чатырында теннис корттору бар көп кабаттуу унаа токтотуучу жай ачылдыОш облусу менен Кытайдын Шаньдун провинциясы боордоштук мамилелерин түзүүдө
Ошто Увам каналы тазаланып, жээги тосулууда
23.04.2026 | 11:48

Ош шаарында Курманжан Датка жана Жибек-Жолу муниципалдык аймагына караган Увам каналын тазалоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу шаар мэриясы кабарлады.
Учурда мэриянын атайын техникалары каналдагы таштанды жана калдыктарды чыгарып, аймакты иретке келтирүүдө. Ошондой эле коопсуздукту камсыздоо максатында каналдын жээктерин тосуу иштери жүрүп жатат.
Мэрия каналды тазалоо суунун тоскоолдуксуз агышын камсыз кылып, сел жана суу ташкыны коркунучун азайтууга багытталганын билдирди.
Эске салсак, Ошто ошондой эле Ак-Буура дарыясынын 17 чакырымын тазалоо иштери жүрүүдө. Тазалоо учурунда дарыядан 323 миң тоннадан ашык таштандылар жана сел калдыктары чыгарылганы айтылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом