Митинг-реквием, «Өлбөс полк» жана жоокер боткосу: Бишкек 9-Майды кантип белгилейт

28.04.2026 | 12:44

Борбор калаада Жеңиш күнүн майрамдоонун программасы тууралуу Коргоо министрлигинин аскерлердин күнүмдүк ишмердүүлүгү боюнча Башкы башкармалыгынын башкы адиси Канатбек Бөлөкбаев айтып берди.

Анын айтымында, саат 9:00дө Коргоо министрлигинин параддык топторунун жана курсанттарынын жүрүшү башталат — алар согуш жылдарындагы ырларды аткарып, жүрүштү Жеңиш аянтында жыйынтыкташат. Маршка Бишкек гарнизонунун бөлүктөрү, Куралдуу күчтөрдүн Аскердик институтунун жана Кыргыз улуттук аскер лицейинин курсанттары катышат.

Саат 10:30да Өчпөс оттун жанында масштабдуу митинг-реквием өтөт. Бул убакта ал жерге «Өлбөс полктун» бардык катышуучулары чогулушат.

Аянтта талаа ашканасы уюштурулуп — 2 миңге жакын адамга жоокер боткосу таратылат. Ошондой эле согуш жылдарындагы техникалар жана артиллериялык курал-жарактар көрсөтүлөт.

Scroll to Top