Түшүнүксүз жагдай жана ишенимге олуттуу доо кетирүү — КР ТИМи Евробиримдиктин санкциялары тууралуу
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги өлкөнүн юридикалык жактарынын Европа Биримдигинин Россияга каршы 20-санкциялык пакетине киргизилишине карата пикирин билдирип, мындай чечимге таң калуусун жана тынчсыздануусун айтты.
Эске салсак, ЕБ Россияга каршы санкциялардын 20-пакетинин алкагында Кыргызстанга тиешеси бар бир катар түзүмдөрдү чектөөлөргө киргизди. ЕБдин документтеринде «Тенгри Коин» ЖАК, ошондой эле «Керемет Банк» жана «Капитал Банк» көрсөтүлгөн. Банктарга карата чектөөлөр 2026-жылдын 14-майынан тарта күчүнө кириши керек.
КР тышкы саясий ведомствосу билдиргендей, кыргыз тарап санкциялар тууралуу кабарларды, анын ичинде «санкцияларды айланып өтүүгө каршы механизмдин» колдонулушун «өкүнүч менен кабыл алды».
ТИМ Бишкек санкциялык тобокелдиктерди алдын алуу маселелери боюнча ЕБ менен диалогдо «ачык, жоопкерчиликтүү жана конструктивдүү мамилени» карманарын жана «кызыкчылыктардын өз ара эске алынышын, ачык-айкындуулукту жана ишенимди» күтөрүн баса белгиледи.
Ошол эле учурда, билдирүүдө европалык тарап менен жигердүү кызматташууга карабастан, Кыргызстандын позициясы эске алынбай калганы айтылат.
«Европалык өнөктөштөр менен туруктуу сүйлөшүүлөр, өз ара сапарлар болуп жатканына, ошондой эле суралган бардык документтештирилген маалыматтардын өз убагында берилип жатканына карабастан… кыргыз тараптын позициясы дагы деле көңүлгө алынбай жаткандыгы олуттуу түшүнүксүз жагдайды жаратууда», — деп билдирди министрлик.
Ведомство ошондой эле мындай чечимдердин эки тараптуу мамилелерге тийгизүүчү кесепеттерине тынчсыздануусун билдирди.
Мындай бир тараптуу чечимдер ишеним атмосферасына доо кетирүү менен бирге, Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасы жана Борбордук Азия өлкөлөрү менен ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү ниетине карама-каршы келет.
Кыргызстан эл аралык укукка жана өзүнүн милдеттенмелерине берилгендигин ырастады, ошондой эле үчүнчү өлкөлөргө карата бир тараптуу чектөө чараларын колдонуу практикасына тынчсыздануусун билдирди.
ТИМ ЕБди «ачык-айкын, профессионалдуу жана саясатташтырылбаган диалогго» чакырып, кыргыз тараптын позициясын эске алууну, ошондой эле буга чейин жетишилген келишимдерди ишке ашырууга өтүүнү сунуштады.