Парламенттик шайлоого катышууга 48 партия ниетин билдирди

25.10.2020 | 13:08

Жогорку Кеңештин кайра шайлоосуна катышуу ниетин билдирген саясий партиялардын саны 48ге жетти. Бул тууралуу 25-октябрда Борбордук шайлоо комиссисы билдирди.

Белгилей кетсек, Борборшайком 21-октябрда парламенттик кайра шайлоону 20-декабрга белгилеген.

22-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары парламентке кайра шайлоону токтото туруу жөнүндө мыйзам кабыл алып, ага президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров кол койгон.

Борборшайком бирок, кайра шайлоону өткөрүү боюнча кабыл алган чечимин мыйзамдуу деп санашууда.

Ушул жылдын 20-декабрына дайындалган парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген саясий партиялардын тизмеси:

  • Кыргызстандын жашылдар партиясы”;
  • “Бүтүн Кыргызстан”;
  • “Билим “Илим” Ордосу”;
  • “Мекен Ынтымагы”;
  • “Ата Мекен”;
  • “Ыйман Нуру”;
  • “Афганистандагы согуштун ардагерлеринин жана башка аскердик локалдуу кагылышуулардын катышуучуларынын саясий партиясы”;
  • “Эл биримдиги”;
  • “Улут Ордо”;
  • “Элдик Кеңеш”;
  • “Эл үнү”;
  • “Патриот партиясы”;
  • “Актив”;
  • “Кыргызстан жаштар прогрессивдүү партиясы”;
  • “Адилеттүү Кыргызстан”;
  • “Социал-демократтар”;
  • “Өнүгүү Кыргызстан”;
  • “Ордо”;
  • “Республика”;
  • “Ак Шумкар”;
  • “Реформа”;
  • “Улутман республикалык партиясы”;
  • “ЛДП НУР”;
  • “Улуу Журт”;
  • “Бүткүл жаштар саясий партиясы”;
  • “Бирге-Вместе”;
  • “Бийлик элге”;
  • “Эл эрки”;
  • “Ак-Санат”;
  • “НДП Кыргызстан”;
  • “Ынтымак”;
  • “ПП Родины и созидания Ак-Шам”;
  • “Бир Бол”;
  • “Кыргызстан”;
  • “Тартип-Порядок”;
  • “Эркин Эл”;
  • “Жаңы Мезгил”;
  • “Замандаш”;
  • “Кыргыз улут ордосу”;
  • “Жаңы-Доор”;
  • “Улуу Кыргызстан”;
  • “Чоң Казат”;
  • “Келечек-Будущее”;
  • “Эркин Кыргызстан”;
  • “Азаттык демократиялык партиясы”;
  • “Эгемен Кыргызстан”;
  • “Кыргызстандын элдик патриоттук партиясы”;
  • “Элдик көзөмөл”.

4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар 5-октбрда митингге чыгып, нааразылыкка уланган окуялар, башаламандык, саясий кризис жана бийликтин алмашуусу менен аяктады. Башаламандык уланып жатканда Боршайком парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган.

Scroll to Top