«Любэ», Басков жана «Блестящие» 9-майда Караколдо концерт беришетЖалган «халал» үчүн айып пул салынат: Кыргызстанда бул тармактагы көзөмөл күчөтүлөтГрафик менен баратабыз: ысык суу өз убагында бериле баштайт — «Бишкекжылуулуктармагы»Жеңиш туусунун 81 жылдыгы: Берлин үчүн салгылашууларга кыргызстандыктардын кошкон салымыКыргызстанда рецидив түшүнүгү кайра киргизилет: кайталанма кылмыштар үчүн жаза катаалдайтЫсык-Көлдүк ширетүүчү WorldSkills улуттук чемпионатында жеңүүчү болду
Акын-жазуучулар адабияттын абалын талкуулады
02.08.2019 | 12:13
Улуттук жазуучулар союзунун мүчөлөрү адабияттын абалын талкуулашты. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин билдиргендей, иш-чара министрдин орун басары Нуржигит Кадырбековдун демилгеси менен өткөрүлгөн.
Кадырбеков жыйында акын-жазуучуларды каражат тартыштыгына карабай элди көбүрөөк аралап, коомдун руханий жана билим көрөңгөсүн бийиктетүүгө астейдил аракет кылууга чакырган.
Жыйында ошондой эле, Улуттук жазуучулар союзунун 85 жылдыгын өткөрүү, жазуучулардын китептерин басып чыгарууну колго алуу максатында демөөрчүлөрдү тартуу, “Адабият күнүн” алп жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнөн башка күндө өз алдынча белгилөө маселелери талкууланган.
Рубрики: Жаңылыктар, Турмуш образы