2030-жылга чейин Чүй облусунун 100 миң тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз болотСүлүктүдө шахта урап, бир кенчи каза болду — ӨКМКытайлык ишкана күн жана шамал электр станцияларын курууга 1 млрд доллар инвестиция салууга кызыкдарДанияр Токтотемиров: «Өлүк жандар» тирилүүдөЭртең Бишкекте фонтандар сезону ачылатКытай менен чек арадагы көзөмөл-өткөрмө пункттары майрам күндөрү убактылуу жабылат
Коронавирустан дагы 4 адам көз жумду
22.11.2020 | 10:54
Соңку суткада Кыргызстанда коронавирустан 4 киши каза тапты. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан кабарлашты.
Коронавирустан каза болгондордун экөө, Бишкек шаарынын тургуну болсо, экөө Талас облусунун тургундары болгон.
Ошондой эле соңку суткада 432 адамдан илдет табылган.
Алар төмөнкү аймактарда:
Бишкек – 138
Ош – 27
Чүй облусу – 62
Ош облусу – 26
Талас облусу – 10
Нарын облусу – 15
Ысык-Көл облусу – 51
Жалал-Абад облусу – 66
Баткен облусу – 37.
Ушуну менен катар бир күндө 517 адам сакайып, үйлөрүнө чыккан.
Муну менен илдетке чалдыккандардын жалпы саны 69 581ге жетти. Анын 60811и илдеттен сакайган.
Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда 1231 адам коронавирустан көз жумду.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар