Кыргызстан Америка мамлекеттеринин уюмунда туруктуу байкоочу статусун алууну көздөөдөКыргызстандык окуучулар эл аралык математика олимпиадасында ийгилик жаратыштыКасымалиев АКШнын IT-гиганты менен санариптик коопсуздук боюнча жумушчу топ түзүү тууралуу макулдаштыБишкек конуштар үчүн жаңы автобустарды сыноодон өткөрүүдөБишкекте мечиттер КМДБнын балансына өткөрүлүп берилүүдөОш шаарында үч тараптуу айланма жол курулуп жатат
Конор Макгрегор легендарлуу футболдук клубду сатып алууну көздөөдө
10.05.2021 | 11:45
UFC уюмунун эки салмактагы мурдагы чемпиону Конор Макгрегор Шотландиянын “Селтик” командасын сатып алуу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын айтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Буга чейин Макгрегор “Манчестер Юнайтед” командасын сатып алууну көксөп жатканын билдирген.
“Сен чындап эле “Манчестер Юнайтедди” сатып алганы жатасыңбы?” – деп анын “Твиттердеги” катталуучусу жазган.
“Эгер ачыгын айтсам, анда “Селтик” тууралуу сөз болуп жатат. Дермонт Десмонддон акция сатып алуу каралган.
Мен кайсы бир баскычта спорттук клубдун ээси болууга кызыгып келем! “Селтик” жана “Манчестер Юнайтед” мага жаккан комондалар. Мен сунуштарды кабыл алууга даярмын. Мен кайсы бир командага чоң ийгилик алып келе аларымы сезип турам”, – деген Конор.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт