Казакстанда өспүрүм кызды зордуктаган киши түрмөдө өлтүрүлдү

Казакстанда өспүрүм кызды зордуктаган киши түрмөдө өлтүрүлдү

Казакстандын Павлодар облусундагы абакта жашы жете элек кызды зордуктоо айыбы менен жазасын өтөп жаткан кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн басылмалары жазышууда.

Адам өлтүрүү боюнча жазасын өтөп жаткан 44 жаштагы соттолуучу, чыр-чатактан улам жазасын өтөп жаткан башка адамдын денесине жаракат келтирип, өмүрүнө кол салган. Анын кесепетинен жашы жете элек кызды зордуктоо айыбы менен камалган киши каза болуп калган.

Маалыматка таянсак, маркум Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 120-беренесинин 3-1-бөлүгүнүн 1-пункту (жашы жете элек кызды зордуктоо) боюнча жазасын өтөп жаткан.

“Окуя кечинде мекеменин санитардык бөлүгүнүн аймагында болгон. Жабырлануучу медициналык жардамга жана мекеменин администрациясына арыз менен кайрылган эмес. Алган жаракаттарынын натыйжасында соттолуучу 9-майда өзүнүн уктап жаткан жеринде көз жумган”, — деп кабарлашкан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>