17-апрель: Көпчүлүк аймактарга жаан жаап, күн сууктайтКыргызстан Америка мамлекеттеринин уюмунда туруктуу байкоочу статусун алууну көздөөдөКыргызстандык окуучулар эл аралык математика олимпиадасында ийгилик жаратыштыКасымалиев АКШнын IT-гиганты менен санариптик коопсуздук боюнча жумушчу топ түзүү тууралуу макулдаштыБишкек конуштар үчүн жаңы автобустарды сыноодон өткөрүүдөБишкекте мечиттер КМДБнын балансына өткөрүлүп берилүүдө
Жаш балдар үчүн мыкты өлкөлөр аталды. Кыргызстан Түркмөнстандан артта жайгашты
24.05.2021 | 14:00
Балалык курактын узактыгы жана корголушу боюнча дүйнө рейтингинде Кыргызстан 180 өлкөнүн ичинен 96-орунду ээледи.
Өлкөнүн индекси мүмкүн болгон 1000дин 844түн алды. Индекс 1000ге канчалык жакын болсо, балдарды коргоонун деңгээли ошончолук жогору болот, 1ге жакын болсо, анда өлкө ошончолук балдар үчүн кооптуу деп эсептелет.
Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнун ичинен Белорусь, Орусия, Казакстан, Армения, Өзбекстан, Түркмөнстандан артта калган.
Балдар үчүн мыкты өлкөлөр деп Сингапур, Словения табылды, ал эми үчүнчү орунга Финляндия менен Швеция жайгашкан. Эң начар өлкөлөр – Нигерия, Борбордук Африка Республикасы жана Чад экени айтылат. Индекс саламаттыкты сактоо, билим берүү жана жалпысынан эле балдардын коопсуздугунун көрсөткүчтөрү менен эсептелет.

Рубрики: Жаңылыктар