Орус тарап бул ирет да Садыр Жапаровду жупуну тосуп алды — сүрөт

Орус тарап бул ирет да Садыр Жапаровду жупуну тосуп алды — сүрөт

Садыр Жапаров бүгүн, 24-майда иш сапары менен Орусиянын Сочи шаарына барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш сапарынын алкагында Садыр Жапаров Орусия президенти Владимир Путин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, Кыргызстан менен Орусиянын байланышын мындан ары өнүктүрүү келечегин, евразиялык экономикалык интеграцияны тереңдетүү, ошондой эле регионалдык коопсуздукту, анын ичинде ЖККУ, КМШ жана ШКУ алкагындагы коопсуздукту талкуулашат.

Белгилей кетсек, Жапаровдун 24-февралда Москвага болгон иш сапарында аны Путиндин тосуп албаганы социалдык тармакта бир топ талкуу жараткан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>