Бишкекте тартипке 24/7 режиминде көз салынууда — ШИИБдин борбору кантип иштейтБорбор Азия мамлекеттери аймактын глобалдык позициясын талкуулаштыОрмуз кысыгы кайрадан жабылды — ИРСК каалаган кемеге сокку уруларын эскерттиЖол кырсыгынан жабыркаган аскер кызматкеринин абалы тууралуу эмне белгилүү?КМШнын ТИМ башчылары биргелешкен космос программаларын өнүктүрүүгө даяр экендиктерин ырасташтыСадыр Жапаровдун TRON блокчейн-платформасынын негиздөөчүсү менен жолугушуусу кандай өттү — кенен маалымат
Чүйдөн тажиктерди чыгарууга чакырык жасаган кыздар кармалды
24.05.2021 | 16:21
Панфилов районунда чагымчыл маалыматтарды таркатууга шектелген эки аял кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
5-майда милиция кызматкерлери тарабынан WhatsApp группаларда белгисиз аял Чалдовар айылындагы тажик жарандарынан арылууга чакыруу жасаган маалыматтар алынган.
Бул окуя 119-берене (майда бейбаштык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Аталган маалыматка тиешелүү экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгы менен аталган билдирүүдө улуттар аралык кастыкты козутууга чакырык бар экендиги такталган. Шектүү катары 23 жана 20 жаштагы кыздар кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери уланып жатканы айтылат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар