Кыргызстанда алдынкы күндөрү күн 35 градуска чейин ысыйт

Кыргызстанда алдынкы күндөрү күн 35 градуска чейин ысыйт

25-26-майда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында күн 34-35 градуска чейин ысык болот. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Абанын температурасы:

Баткен, Ош, Жалал-Абад, Чүй облустарында түнкүсүн 13…18, күндүз 30…35,

Таласта түнкүсүн 11…16, күндүз 28…33,

Ысык-Көлдө түнкүсүн 9…14, күндүз 23…28,

Нарында түнкүсүн 7…12, күндүз 23…28,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3…+2, күндүз 9…14°.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн 16…18, күндүз 32…34°.

 

Ошондой эле Бишкекте эртең жагымсыз метеорологиялык шарттар түзүлүшү күтүлөрү айтылат. Ага ылайык, 25-майда аба бассейнинде зыяндуу заттардын таркалышына тоскоолдук алып келе турган чектелген жагымсыз метеорологиялык шарттар түзүлүп, абада зыяндуу заттардын концентрациясынын орточо суткалык кармалышы салыштырмалуу көтөрүнкү деңгээлде (чектүү деӊгээл концентрациясынан 1,0-3,0 эсеге жогору) болушу күтүлөт.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>