Окуучуларды коркуткан адамдын өздүгү аныкталдыБишкектеги мектептер 17-октябрда онлайн форматка өтөтБишкекте белгисиз адам окуучуларды коркуткан— мектептер курчоого алынып, балдар эвакуацияландыКыргызстанда айдоочуларды окуткан унааларга текшерүү жүрүп жататБишкектин 5-кичирайонунда ысык суу убактылуу токтотулат“Манас” аэропортунда оңдоо иштеринен улам жол кыймылына чектөө киргизилди
Арабка турмушка чыккан кыргыз келин кордук көргөнүн айтып чыкты – видео
25.05.2021 | 09:40
Кыргызстандык Асель Дуванаева Сауд Арабияда үй-бүлөлүк зомбулукка кабылганын айтып чыкты. Бул тууралуу Айдина Эдилева аттуу Facebook колдонуучусу жазды.
Анын айтымында, жабырлануучунун 4 баласы бар, ал арапка турмушка чыккан. Күйөөсү баңгизатын колдонот жана анын документтеринин баарын алып коюп, ар дайым кол көтөрүп келген. Полицияга кайрылганы менен күйөөсү үйүнө култап коюп эч жакка чыгарган эмес.
Сауд Арабиядагы Кыргызстандын консулдугу аталган окуя боюнча тийиштүү аракеттерди көргөндөн кийин Асель Дуванаева үй-бүлөлүк зомбулуктан бошотулуп, документтери полицияга өткөн. Эми сот аркылуу күйөөсү менен ажырашуу үчүн иштер жүрүп жатканы айтылат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар