ЖКда жаңы үйлөнүүчүлөрдү никеге чейин медициналык текшерүүдөн өтүүгө милдеттендирүүнү сунуштап жатышат — кенен маалыматМай майрамдарында Кыргызстандын ооруканалары кандай тартипте иштейт? Саламаттык сактоо министрлиги маалымат бердиКытай экспорттук жеңилдиктерди кыскартууда: кыргызстандык импорттоочулар даяр болушу керекBITF 2026: Бишкекте биринчи жолу эл аралык туристтик көргөзмө өтөтБишкекте курттардын капташы: Ак-Босогодогу теректер эмне болууда?Кыймылсыз мүлктү сатууга өз алдынча тыюу. Дастан Бекешевдин түшүндүрмөсү
Кочкордо эки унаа сүзүшүп, 7 киши жабыркады
27.08.2021 | 17:45
Кочкор районунда жол кырсыктан 7 киши ар кандай жаракаттарды алышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Кырсык Сары-Булак-Орук-Там унаа жолунун 23-чакырымында (Лахол айылы) катталган, анда “Subaru Forester” жана “Нива” үлгүсүндөгү унаалары сүзүшкөн. Жабыркагандардын аты-жөнү такталууда.
Куткаруучулар жабыркаган жарандарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Куткаруу иштерине Кочкор райондук №42 өрт куткаруу бөлүгүнөн 5 куткаруучу тартылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом